Бишкектик блогер Кайгуул милиция кызматкерин мажбурлап иштетти

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота дорожной службы в Бишкеке
Работа дорожной службы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Бишкектин Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жарандык активист жана видеоблогер Орозбек Бейшеналиев Кайгуул милициясынын кызматкерин жол кыймылын жөнгө салууга мажбур кылганы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон адам билдирди.

Жол чырактар иштебей калгандыктан, Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде тыгын пайда болгон. Бул учурда кайгуулчулар унаасында отурган.

"Өздөрүнүн түздөн-түз милдетин аткаргандын ордуна улам бир унааны токтотуп алып, документтерди текшерип жатышкан", — деди күбө.

Видеодо көрүнүп тургандай, блогер кайгуулчулардын унаасынын жанына басып келип, аларды өз милдетин аткарууга чакырат. Алгач тартип сакчылары баш тартышканы менен акыры активисттин суранычына макул болушту.

Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан видеого түшкөн инспекторлор штабга чакырылганын айтып, кызматтык иликтөө болоорун билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0