10:58 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Ала-Тоо аянты майрамдарга карата кайрадан өзгөчө кооздолду

"Ала-Тоо" аянты майрамдарга карата кайрадан өзгөчө кооздолду

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17020

Алдыда келе жаткан майрамдарга карата "Бишкекжарык" ишканасы шаардын борборун жарык берүү аркылуу көрктөндүрүп койду.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө жана Жеңиш майрамына карата "Ала-Тоо" аянты, Чүй проспектиси жана мэриянын алдындагы фонтан кооздолгондугун муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкекжарык" ишканасы борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен укмуштуудай жарык берүү композициясын иштеп чыкты.

  • Алдыдагы майрамдарга карата Бишкекжарык ишканасы шаардын борборун кооздоду
    Алдыдагы майрамдарга карата "Бишкекжарык" ишканасы шаардын борборун кооздоду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Кооздоодо борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгү эске алынды
    Кооздоодо борбордук аянттагы бардык чакан архитектуралык формалардын өзгөчөлүгү эске алынды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду
    Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду
    Чакан фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду
    Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу дюралайтка оронгон фонтан
    Жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу дюралайтка оронгон фонтан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 6
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Алдыдагы майрамдарга карата "Бишкекжарык" ишканасы шаардын борборун кооздоду

Аянттын дал ортосунда гүл талаасы жайгашты, анын тегерегиндеги кичи фонтандардын үстүнө кызыл китепке кирген жаныбарлардын фигуралары коюлду.

"Ошондой эле аянтка арча отургузулган вазондор коюлду. Ал эми Чүй проспектиси түркүн-түстүү жарык берүүчү кажараттар менен кооздолду. Алардын өңүн шаар күнү жана Жеңиш майрамына карата ар кандай кылып өзгөртүп койсо болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын алдындагы фонтан дюралайт менен кооздолду.

Дюралайт — бул жарык менен кайталангыс композиция жаратуучу каражат.

Тема боюнча

Ноорузга жасанып жаткан "Ала-Тоо" аянтынын кечки көрүнүшү
Белгилер:
майрам, фонтан, аянт, Бишкек мэриясы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ