Кыргызстанда кургак учуктун оор түрү жаңыча дарылана баштайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДетская областная больница в Калининграде
Детская областная больница в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда курстан кургак учукка кабылган 26 адам өтүп, ооруну жеңилирээк көтөрүш үчүн жаңы дары-дармек ичип жатышат.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда кургак учук оорусун дарылоодо жаңы методдор киргизилип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Начальник управления оказания медицинской помощи Самат Тойматов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тойматов: КРде бир адамды кургак учуктан дарылоо үчүн 13 миң доллар керектелет
23-мартта Улуттук фтизиатрия борборунда Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөш күнүнө арналган иш-чара өткөрүлгөн.

USAID уюмунун "Кургак учукка каршы чакырык" долбоорунун жетекчиси Бакыт Мырзалиевдин айтымында, долбоор аталган дартка каршы жаңы дары-дармектерди ишке киргизип, аны колдонгондордун дарылануу убактысын азайтуу максатын көздөйт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму долбоордун сунушун программага киргизген. Бул дары-дармектер 70тен ашык өлкөдө колдонулуп, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия жана Арменияда каттоодо турат.

"Жаңы дары-дармектер ооруну жеңил көтөрүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө өлкөдө жаңы программа менен 26 адам дарыланса, алардын 24ү бедаквилин алып жатат. Бул бейтаптар көп жолу дары ичип, бирок дарылануунун аягына чыкпай, оорусу кайра козголгондор", — деди Мырзалиев.

Программа, мындан сырткары, ооруну тез дарылоого жардам берет.

Жаңы дарылар менен кургак учук оорусунун жаңы түрүнө кабылгандар гана дарылана алат. Ал эми жүрөк оорусу, аритмия сыяктуу дартка кабылгандарга аталган дармектер сунушталбайт.

Эске салсак, бүгүн 24-март — Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күн.

Жаңылыктар түрмөгү
0