Ашуу жолдордо эмки жумага чейин кар көчкү түшүү коркунучу күч болот

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андыктан автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин министрлик эскертет.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 28-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана ашуу жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин ӨКМ билдирди.

Аномальная жара в Индии - Sputnik Кыргызстан
Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болот
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкүлөр түшүшү мүмкүн.

Андан сырткары Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда да кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Министрлик автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0