Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" өткөрүү пункту жабылат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПервый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ознакомился с ходом реконструкции контрольно-пропускных пунктов на кыргызско-казахской границе
Первый вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев ознакомился с ходом реконструкции контрольно-пропускных пунктов на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кең-Булуң" өткөрүү пункту убактылуу жабылгандыктан, ары-бери каттагандар кыргыз-казак чек арасына жакын "Ак жол", "Ак тилек", " Чалдыбар" жана "Токмок" өткөрүү пункттары аркылуу өтүп турса болот.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң " өткөрүү пункту 27-марттан тарта жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, реконструкциялоо иштеринен улам адамдарга, жүк ташуучу жана жеңил унааларга "Кең-Булуңдан" өтүүгө тыюу салынат.

"Курулуш иштери азырынча качан бүтөрү белгисиз. Мындан улам жарандар кыргыз-казак чек арасына жакын "Ак жол", "Ак тилек", " Чалдыбар" жана "Токмок" өткөрүү пункттары аркылуу өтүп турса болот", — деп жазылат маалыматта.

Церемония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта Токмок-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
"Токмок" өткөрүү пункту жаңыланып ишке берилди
Эскерте кетсек, буга чейин Чүй облусундагы "Токмок" өткөрүү пункту реконструкцияланып, колдонууга берилген.

Өткөрүү жайларындагы курулуш иштери 2016-жылдын октябрь айында өкмөт башчынын тапшырмасы менен башталган. Кыргызстан ЕАЭБге киргендигине байланыштуу кыргыз-казак чек арасында жайгашкан "Ак тилек" жана " Чалдыбар" өткөрүү пункттарын да реконструкциялоо пландалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0