Көчмөндөр оюнунун эн белгисин тарткан Майрамкул Асаналиевдин көргөзмөсү өтөт

© Фото / Союзбек Надырбеков Стрит-арт, который повторяет эмблему Всемирных игр кочевников на Старой площади Бишкека
Стрит-арт, который повторяет эмблему Всемирных игр кочевников на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамкул Асаналиев коомчулукка кыргыз таануу, Манас темасына арналган чыгармаларды жараткан таланттуу сүрөтчү катары белгилүү.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Көчмөндөр оюнунун эн белгисинин автору, жаштар сыйлыгынын жана "Эл Куту чебер" наамынын лауреаты Майрамкул Асаналиевдин "Манас ааламы" деп аталган сүрөт көргөзмөсү өтө турганын "Устат" академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 25-мартка белгиленген. Көргөзмөгө буга чейин жарыялана элек баалуу сүрөттөр коюлуп, анын ар биринин сырын автор өзү баяндап бермекчи.

Салтанаттуу ачылыш аземи саат 15.00дө, Баялинов көчөсүндө жайгашкан академиянын имаратында болот. Көргөзмө 1-апрелге чейин уланары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0