Нарындыктар электр энергиясын арзандатуу талабы менен митингге чыгышты

© Фото / Нурзада МукашеваНарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты
Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Митингдин катышуучулары электр энергиясы үчүн айына 7-8 миң сомдон чыгып жатканын айтып, аны карапайым калк төлөй албастыгын белгилешти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты. Облустук администрациянын алдына чыккандар калк үчүн жеңилдетилген 700 кВт саат электр энергиясы аларга жетпей тургандыгын айтып, аны 2000 кВтка чейин көтөрүп берүүнү талап кылышты.

© Фото / Нурзада МукашеваНарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты
Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты
© Фото / Нурзада МукашеваОблустук администрациянын алдына чыккандар калк үчүн жеңилдетилген 700 кВт саат электр энергиясы аларга жетпей тургандыгын айтып, аны 2000 кВтка чейин көтөрүп берүүнү талап кылышты.
Облустук администрациянын алдына чыккандар калк үчүн жеңилдетилген 700 кВт саат электр энергиясы аларга жетпей тургандыгын айтып, аны 2000 кВтка чейин көтөрүп берүүнү талап кылышты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Облустук администрациянын алдына чыккандар калк үчүн жеңилдетилген 700 кВт саат электр энергиясы аларга жетпей тургандыгын айтып, аны 2000 кВтка чейин көтөрүп берүүнү талап кылышты.
1/2
Нарын шаарынын тургундары электр энергиясын арзандатуу талабы менен кайтадан митингге чыгышты
2/2
Облустук администрациянын алдына чыккандар калк үчүн жеңилдетилген 700 кВт саат электр энергиясы аларга жетпей тургандыгын айтып, аны 2000 кВтка чейин көтөрүп берүүнү талап кылышты.

Митингге чыккандар быйыл кар калың жаап, кыш суук болгонун айтышты. Нарын шаарынын тургуну Кенжекан Сатыбалдиева март айы аяктап калганына карабай аймакта калың кар жатканын белгилеп, электр энергиясын жана башка отундарды күнү-түнү жагып жатканын кошумчалады.

"Бизде суук кайта элек. Эл электр энергиясын колдонууга мажбур. Өкмөт тарабынан жеңилдетилген түрдө берилген 700 кВт саат жетпейт. Мына, март келди, бирок дагы деле от жагып жатабыз. Өткөндө көмүр дагы жетпей калды. Мурда эки тонна жаксак, азыр беш тоннага жетти. Сууктан улам бир үй-бүлө бир бөлмөгө тыгылып жашап калды", — деди ал.

Митингдин катышуучулары электр энергиясы үчүн айына 7-8 миң сомдон чыгып жатканын айтып, аны карапайым калк төлөй албастыгын белгилешти.

Облустук администрациянын алдына чогулгандар учурда тарап кетишти.

Эске салсак, февраль айынын башында дагы нарындыктар ушул эле талаптарды коюп митингге чыгышкан болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0