Ош облусунун мал доктурларына мотоцикл берилет

© Фото / пресс-служба полпредства Ошской области / Жумамидин СулайманкуловВетеринары Ошской области на вручении мотоциклов
Ветеринары Ошской области на вручении мотоциклов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бардык эле мал доктурларда автоунаа болгон эмес.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош облусундагы 88 айыл өкмөтүнүн мал доктурларына жалпы жонунан 172 мотоцикл жана ветеринардык жабдуулар берилет. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Анын айтымында, ар бир айыл өкмөткө экиден унаа каралган. 

"Облустагы айыл өкмөттөрүндөгү мал доктурлардын баарында ары-бери жакка чыкканга автоунаа болгон эмес. Эми алардын иши жеңилдеп, мал-жандыкты убагында барып караганга мүмкүнчүлүгү болот. Ошондой эле мал доктурга керек болгон бардык шаймандар салынган сумкалар берилет", — деди ал.

Бул долбоор эл аралык АРИС уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Мотоциклдер бүгүн түштөн кийин тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0