Жөө адамды туюкка такаган Бишкектеги "зебралар"

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПешеходные переходы в Бишкеке
Пешеходные переходы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын борбордук эле көчөлөрүнөн жөө адамды катуу ойго салган жол чийиндерди көрүүгө болот.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жөө адамдар өтө турчу жердеги жол чийин менен кетип баратып же ары кете албай, же бери кете албай туюкка такалып калган учурларыңыз болду беле? Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналы аркылуу окурмандар сүрөт жөнөтүп, нааразычылыктарын билдиришкен.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу"Улан-2" кичирайонундагы Шабдан баатыр көчөсүнө түшүрүлгөн жол чийин
Пешеходные переходы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Улан-2" кичирайонундагы Шабдан баатыр көчөсүнө түшүрүлгөн жол чийин

Эгер сиз Ахунбаев, Лев Толстой, Фатьянов көчөлөрүндө же Улан-2 кичирайонунун аймагында жүргөн болсоңуз, жол чийиндин акыркы сызыгы тротуарга эмес арыкка же тосмого барып такаларын байкасаңыз болот. Ал жерден аттайсызбы же айланып өтөсүзбү — ага эч кимдин башы оорубайт.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЛев Толстой менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жер
Пешеходные переходы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Лев Толстой менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жер

Sputnik Кыргызстан агенттиги ары күлкүнү, ары жиниңди келтирген Бишкектеги айрым "зебралардын" сүрөттөрүн тартуулайт.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуАхунбаев жана Табалдиев көчөлөрүнүн аймагындагы жол чийин
Пешеходные переходы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ахунбаев жана Табалдиев көчөлөрүнүн аймагындагы жол чийин

Жаңылыктар түрмөгү
0