БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Ош шаарынын бардык орто мектептеринин мугалимдери диагностикалык аттестациядан өткөрүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков билдирди.
Анын айтымында, аттестациянын бул түрү Ош шаарында демилгеленип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.
"Ар бир мугалим өзүнүн адистиги боюнча сынак тапшырат. Жалпы 10 предмет боюнча сынак жүргүзүлөт. Мисалы, математика сабагынан берген мугалим математикадан гана суроолорго жооп берет. Сынак баракчасында алтымыштан жүзгө чейин суроо камтылган. 22-мартта башталып, 26-мартта аяктайт. Андан ким канча баа алгандыгы тууралуу маалымат сыр бойдон калат. Төмөн баа алгандар жумуштан кетирилбейт. Бирок мыкты баага татыган мугалимдерге сыйлык тапшырылат", — деди Байзаков.
Сынактын максаты — мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү, педагогикалык чеберчилигин арттыруу.
Маалыматка караганда, Ош шаарында жалпы билим берүүчү 56 орто мектеп болсо, анда үч миңге жакын мугалим эмгектенет.