Ош, Жалал-Абаддын кооптуу аймактарында түшүндүрүү иштери жүрүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРЖер көчкү. Архив
Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан аймактык кафедранын окутуучулары түштүк аймактагы 1456 адамды окуткан.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жалал-Абад жана Ош облустарынын табият кырсыктары көп катталган аймактагы жергиликтүү элге түшүндүрүү сабактары өтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуу учурунда айыл элине өзгөчө кырдаал жаралган учурда өзүн алып жүрүү жана коргонуу эрежелери айтылган.

"Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Алма айыл аймагынын Орток айылында, Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер жана Чангет айыл аймактарынын жана Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу жана Көк-Арт айыл аймактарында окутуу иштери уюштурулду. Бул аймактар кооптуу деп эсептелет", — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан 2017-жылдын 14-мартынан тартып 18-мартына чейин аймактык кафедранын окутуучулары түштүк аймактагы 1456 адамды окуткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0