Россия: 14 жашка чейинкилердин аккаунт ачуусуна тыюу салуу сунушталууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив
Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган демилгени Пенза облусунун балдар Акыйкатчысы сунуштаган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Балдарды ар тараптан көзөмөлгө алып, жаман жоруктардан коргоо үчүн Россияда 14 жашка чейинкилерге аккаунт ачканга тыюу салуу туурасында айтылууда. РФтин балдар укуктары боюнча өкүлү Анна Кузнецова мындай сунуш ата-энелерден түшсө, карап көрүүнү айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Ата-энелердин тыюу салуусуна эч ким тоскоол болбойт. Бул жерде аталган маселе ата-энелер тарабынан актуалдуу деп табылса, анда болгон жолдорун карап чыгалы", — деди Кузнецова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Анда собол Пенза облусунун балдар акыйкатчысынын 14 жашка чейинки балдарга социалдык тармакта аккаунт ачууга тыюу салуусу боюнча берилген эле.

Кузнецова интернетти балдар билим алууда үчүн колдоноорун, маселенин бул жагын эстен чыгарбоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0