Москвадагы өрт: басмакана жана анын жетекчисине 6,6 млн. рубль айып салынды

© AFP / VASILY MAXIMOVПожар на складе в Москве
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
“Печатный экспресс” басмаканасында 2016-жылдын август айында өрт чыгып, андан 17 адам — 14 кыргызстандык жана үч россиялык кыз-келин каза болгон.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Прокурордук иликтөөдөн кийин “Печатный экспресс” басмаканасы менен анын жетекчисине 6,6 миллион рубль өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Москва шаарынын прокуратурасы билдирди.

Буга чейин 17 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы иликтенип жатканы маалымдалган. Кырсыктан набыт кеткендердин көбү кыргызстандык кыз-келиндер болгон.

“Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги кыргызстандык жумушчуларды эмгек келишими жок жумушка алганы белгилүү болду”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Былтыр Моксва шаарында өрттөн каза болгон кыз-келиндердин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында көчөттөрдү тигүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндерге арналып тигилген бактар бүчүр байлады
Аталган факт боюнча ишкананын башкы директоруна карата кылмыш иши козголгон. 

Эскерте кетсек, “Печатный экспресс” басмаканасында 2016-жылдын август айында өрт чыгып, андан 17 адам — 14 кыргызстандык жана үч россиялык кыз-келин каза болгон. Набыт болгондордун көбү 25 жашка чейинкилер эле.

Каза болгондор чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жайда калып, иске ууланып калышкан. Басмакананын калган 12 жумушчусун өрт өчүрүүчүлөр сактап калган. Россиянын тергөө комитети бул боюнча иш козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0