Суу сыйлаган зор болор. Суу тууралуу кызыктуу 10 факты

Жазылуу
22-март дүйнө жүзү боюнча Суу ресурстарынын күнү катары белгиленип келет. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын чечими менен кабыл алынган.

Ледники - Sputnik Кыргызстан
Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду
Суу караган көзгө жөнөкөй көрүнгөнү менен ал өзүнө көптөгөн сырды катып келет. Окумуштуулар аларды изилдеп улам жаңы нерселерди табышууда. Жер планетасынын 70 пайызын суу каптап турганы менен жыл өткөн сайын таза сууга жетүү кыйындап келет. Акыркы эле 50 жылда суунун айынан 507 ири жаңжал катталып, алардын 21ине аскерлер кийлигишкен.

Суу күнүнө карата Sputnik Кыргызстан жердин каны болгон суу тууралуу 10 кызыктуу фактыны сунуштайт.

Эң таза суу Финляндияда

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча эң таза суу Финляндияда. Изилдөөгө 122 мамлекет катышкан. Ал ортодо дүйнө боюнча бир миллиарддай киши таза сууга муктаж экенин бардыгы эле биле бербесе керек.

Ысык суу тез тоңот

Логикалык жактан алып караганда муздак суу тез тоңушу керек. Себеби, ысык суу алгач муздап андан кийин гана тоңот. Бирок жүргүзүлгөн изилдөөлөр ысык суу тез тоңорун тастыктаган. Бул суроого азыркы күнгө чейин так жооп жок.

Суу ондон ашык түрдөгү абалда боло алат

Баарыбыз эле суу үч абалда болорун мектептен окусак керек. Ал: суюк, буу жана муз. Бирок окумуштуулар суу суюк кезинде беш түргө бөлүнөрүн, ал эми тоңгондо 14 түрдө болорун аныкташкан.

Проблема питьевой воды в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Нарында 25 миң киши таза сууга жетти
Суу — бул өмүр

Дүйнө жүзүндөгү бардык жандыктар менен макулуктардын организми суудан турат. Мисалы, жаныбарлар — 75 пайыз, балык — 75 пайыз, медуза — 99 пайыз, картошка — 76, алма — 85, помидор — 90 пайыз суудан турат. Жаңы төрөлгөн наристенин денесинин 86 пайызы суудан турат. Жаш өткөн сайын суунун курамы 50 пайызга чейин төмөндөйт.

Ооруларды жайылтат

Суу бир гана жашоо тартуулабастан аны алып дагы коюшу мүмкүн. Дүйнө жүзүндөгү оорунун 85 пайызы дал ушул суу менен берилет.

Адам суусуз жашай албайт

Эгер киши денесинин эки пайыз суусун жоготсо ал суусап баштайт. 10 пайызга чейин жетсе кишинин көзүнө түрдүү нерселер көрүнүп жөөлүп калат. Ал эми 12 пайыз суу жоготсо дарыгерлердин жардамы менен гана калыбына келе алат. 20 пайызга жетсе киши өлөт.

Таза суунун басымдуу бөлүгү мөңгүлөрдө катылган

Суу кайда көп деп суроо салсак, бардыгы эле океанда деп жооп берери бышык. Бирок бардык эле сууну ичүүгө болбойт. Жер жүзүндөгү суулардын 3 пайызы гана ичүүгө жарайт. Ошол үч пайыздын жарымы мөңгүлөрдө тоңуп турат.

Суу жүрөккө жардам берет

Суу жүрөк оорусунун алдын алат. Окумуштуулар күнүнө алты стакан суу ичкен кишилер жүрөк оорусуна аз чалдыгарын аныкташкан.

Бир киши өмүр бою 35 тонна суу ичет

Киши тамак ичпей болжол менен алты жума жашай алат. Ал эми суу ичпей болгону 5-6 сутка гана чыдайт экен. Бир адам өз өмүрүндө болжол менен 35 тонна суу ичет.

Күйгөн суу

Айрым суулар ширеңке чакканда күйөт. Ооба, күйгөн суулар бар. Суунун курамында метан газы болгондуктан ал күйөт. Мындай суу Кыргызстандын Кочкор районунун Ара-Көл айылында бар. Күйгөн сууну Азербайжандан дагы кездештирүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0