Ошто жылуулук берүү эртең токтотулат, Бишкектики белгисиз

© SputnikҮйдөгү жылуулук батареясы. Архивдик сүрөт
Үйдөгү жылуулук батареясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер аба ырайынын температурасы үч күн катары менен 8 градустан жогору болсо жылуулук өчүрүлөт.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. 23-марттан баштап Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдө жана мекеме-ишканаларда жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Бишкек шаарында жылуулук берүү мезгили качан токтотулары азырынча белгисиз экенин муниципалитеттен маалымдашты.

"Жылуулук берүү качан токтотулары азырынча тактала элек. Бул маселе жакын арада чечилет. Чечимди бир эле мэр кабыл албайт, ал бардык тийиштүү тараптардын катышуусу менен чогуу каралат", — деп мэриядан билдиришти.

Отключение горячего водоснабжения - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин муздак суу өчүрүлө турган аймактары. Тизме
Ал эми "Электр станциялары" ишканасы азырынча Бишкек мэриясынан буйрук келе электигин, ошентсе да шаардыктарга жылуулук берүү үчүн көмүр, мазут жетиштүү көлөмдө экенин маалымдашты.

Белгилей кетсек, эгер аба ырайынын температурасы үч күн катары менен 8 градустан жогору болсо жылуулук берүү өчүрүлөт. Өткөн жылы Бишкекте жылуулук 10-мартта токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0