Муфтий Кувейттеги кыргызстандык студенттерден кабар алды

© Фото / пресс-служба ДУМК КРВизит муфтия КР Максат ажы Токтомушева в Кувейте
Визит муфтия КР Максат ажы Токтомушева в Кувейте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Студенттер менен болгон жолугушуунун алкагында Максатбек ажы Токтомушев студенттердин окууларына ийгилик каалады.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Азирети муфтий Максат ажы Токтомушев Кувейттеги "Ислам маданияты жана араб тилин үйрөтүү" борборунда билим алып жактан кыргызстандык студенттерден кабар алды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтомушев Кувейт мамлекетине болгон иш сапары алкагында бүткүл Вакф (кайрымдуулук мекемелеринин) башкы катчысы Мухаммад Жалаахима менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу жана социалдык жардам көрсөтүү жаатында пикир алышты.

"Муфтий Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги элчиси Жусупбек Шарипов менен биргеликте "Ислам маданияты жана араб тилин үйрөтүү" борборундагы үч айлык окуу курсунда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин абалы, окуусу, шарттары, окуу программалары менен жеринде таанышып чыкты", — деп жазылат маалыматта.

Студенттер менен болгон жолугушуунун алкагында азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев студенттердин окуусуна ийгилик каалап, эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдө туура динди жеткирип, диний баалуулуктарды үйрөтүүдө өз салымдарын кошооруна тилектештигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0