Бактысын Жаңы Зеландиядан тапкан Биктисагүл: кыргыздын көйнөгүнө таңыркагандар көп

© Фото / Розалии МэтисонБишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева жубайы жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн менен
Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева жубайы жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбекова океандын ары жагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнө келин болгон. Учурда алар Нельсон шаарында жашашат. Жакында эле өзү менен кошо кайненесине, жолдошуна кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип ар улут катышкан фестивалга чыгып өлкөнүн атын таанытты.

Биктисагүл айым мындан беш жыл мурун жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн аттуу адамга турмушка чыккан. Анын жолдошу ислам динин кабыл алган.

© Фото / Азамат НуралиевБиктисагүл Алымбаева: жолдошум менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышып калдым. Мамиле түзүп бири-бирибизди жакындан билгенден кийин баш кошууну чечтик. 2012-жылы Бишкекке келип, кыргызча салт менен туугандарды чакырып той өткөрдүк
Кыргызстанга Биктисагул Алымбаева, живущая в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Биктисагүл Алымбаева: жолдошум менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышып калдым. Мамиле түзүп бири-бирибизди жакындан билгенден кийин баш кошууну чечтик. 2012-жылы Бишкекке келип, кыргызча салт менен туугандарды чакырып той өткөрдүк

— Алгач эле сиздин атыңыз кызыктырып жатат. Жолдошуңузга ыңгайлуу болушу үчүн ушундай ысымга өтүп алдыңызбы?

— Жок, мага бул ысымды өзүмдүн атам бир нече сөздөрдүн баш тамгасынан алып койгон. Биктисагүл — бакыт, илим, күрөш, таалай, ийгилик, сүйүүгө арналган гүл деп чечмеленет.

— Кыргызстандын кайсы аймагында туулуп өскөнсүз?

Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым
— Бишкекте чоңойдум, атам Таластан, апам Нарындын кызы болчу. Тилекке каршы ата-энем беш жашымда унаа кырсыгына кабылып, дүйнөдөн өтүп кетишти. Ошондуктан мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ага карабай курстарга барып чет тил менен компьютерде иштөөнү үйрөнүп алдым. Бишкектен турмушка чыгып бир кыздуу болгондон кийин жолдошум каза болуп калды. Андан калган кызымды жалгыз өстүрдүм. Бир топ жыл интернет клубдарда иштеп кийин Түркияга барып ишке орноштум.

© Фото / Азамат НуралиевБишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева океандын ары жагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнө келин болгон
Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева океандын ары жагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнө келин болгон - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева океандын ары жагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнө келин болгон
© Фото / Окан МухаммедУчурда алар Нельсон шаарында жашашат
Учурда алар Нельсон шаарында жашашат - Sputnik Кыргызстан
2/5
Учурда алар Нельсон шаарында жашашат
© Фото / Даллас Мэтисон ВернЖакында эле өзү менен кошо кайненесине, жолдошуна кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип ар улут катышкан фестивалга чыгып өлкөнүн атын таанытты
Жакында эле өзү менен кошо кайненесине, жолдошуна кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип ар улут катышкан фестивалга чыгып өлкөнүн атын таанытты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Жакында эле өзү менен кошо кайненесине, жолдошуна кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип ар улут катышкан фестивалга чыгып өлкөнүн атын таанытты
© Фото / Окан МухаммедБиктисагүл айым мындан беш жыл мурун жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн аттуу адамга турмушка чыккан
Биктисагүл айым мындан беш жыл мурун жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн аттуу адамга турмушка чыккан - Sputnik Кыргызстан
4/5
Биктисагүл айым мындан беш жыл мурун жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн аттуу адамга турмушка чыккан
© Фото / Окан МухаммедАнын жолдошу ислам динин кабыл алган.
Анын жолдошу ислам динин кабыл алган. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Анын жолдошу ислам динин кабыл алган.
1/5
Бишкекте туулуп өскөн Биктисагүл Алымбаева океандын ары жагындагы Жаңы Зеландия өлкөсүнө келин болгон
2/5
Учурда алар Нельсон шаарында жашашат
3/5
Жакында эле өзү менен кошо кайненесине, жолдошуна кыргыздын улуттук кийимдерин кийгизип ар улут катышкан фестивалга чыгып өлкөнүн атын таанытты
4/5
Биктисагүл айым мындан беш жыл мурун жаңы зеландиялык Даллас Мэтисон Верн аттуу адамга турмушка чыккан
5/5
Анын жолдошу ислам динин кабыл алган.

— Кыргыз кызы кантип океандын ары жагына келин болуп калды?

— Жолдошум менен Түркияда иштеп жүргөндө таанышып калдым. Мамиле түзүп бири-бирибизди жакындан билгенден кийин баш кошууну чечтик. 2012-жылы Бишкекке келип, кыргызча салт менен туугандарды чакырып той өткөрдүк. Жаңы Зеландияга барганда жолдошумдун ата-энеси менен алты ай жашадым. Кийин күйөөмдүн жумушуна байланыштуу башка өлкөгө кеткенбиз.

— Башка улуттун өкүлүнө турмушка чыгарыңызды укканда үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?

— Туугандарым жакшы эле кабыл алышты. Каршы чыккан эч ким болгон жок. Бирок өзүм намаз окуп дин жолунда жүргөндүктөн "сен мусулман эмессиң башка диндегилерге турмушка чыга албайм" десем ойлонуп көрүп ал да ислам динин кабыл алды. Учурда намаз жаттап жатат.

© Фото / Окан МухаммедБиктисагүл Алымбаева: кайнатам менен кайненем пенсия курагында. Алар аябай жакшы адамдар. Кайненем экөөбүз кечке бошпуз. Ал мени унаасына отургузуп алып шаардын кооз жерлерин көрсөтүп келет
Кыргызстанга Биктисагул Алымбаева, живущая в Новой Зеландии - Sputnik Кыргызстан
Биктисагүл Алымбаева: кайнатам менен кайненем пенсия курагында. Алар аябай жакшы адамдар. Кайненем экөөбүз кечке бошпуз. Ал мени унаасына отургузуп алып шаардын кооз жерлерин көрсөтүп келет

— Жолдошуңуз эмне жумуш кылат?

— Ал кесиби боюнча инженер, кемелерди курат. Анын жумушуна байланыштуу үч-төрт жыл ар кайсы мамлекеттерде жүрдүк. Жаңы Зеландияга келгенибизге аз эле болду. Азыр ушул шаарда иштеп жатат. А мен виза менен келгендиктен азырынча жумушка орношо албайм.

— Учурда кызыңыз да сиз мененби?

— Кызым 22 жашта, турмушка чыккан. Күйөө балам экөө Бишкекте жашайт. Былтыр күздө неберелүү болгом. Аны көрүү үчүн атайын барып кыш мезгилин Кыргызстанда өткөрүп келдим.

— Башка өлкөгө көнүп кетүү кыйын болгон жокпу?

Латыш келин Анастасия Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылындагы кайын журтунда уй саап жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
— Бул жакта Кыргызстандагыдай төрт мезгил ирети менен болбойт экен. Азыр бизге күз келди. Кайнатам менен кайненем пенсия курагында. Алар аябай жакшы адамдар. Кайненем экөөбүз кечке бошпуз. Ал мени унаасына отургузуп алып шаардын кооз жерлерин көрсөтүп келет. Экөөбүз жетелешип алып сейилдеп, ар кандай көргөзмөлөргө, майрамдык иш-чараларга барып турабыз. Кайненем сүрөтчү, тарткан эмгектерин көрсөтүп мени да аябай шыктандырып жатат.

— Социалдык тармактардан кыргыз көйнөктөрүн кийип фестивалда жүргөнүңүздү көрүп калдык…

— Жаңы Зеландия көп улуттуу өлкө болгондуктан жыл сайын ар улуттун каада-салтын, кийим-кечесин, тамак-ашын даңазалаган фестиваль өтүп турат экен. Кайненем мени да "улуттук кийимиңди кийип өз өлкөңдүн атынан чык" деди. Өзүмдү жалгыз эле жөнөтүп койбой, жолдошум менен кайненем да кыргызча кийинип мени коштоп жүрүштү. Ал жерде көбү кийимибизге таң калып сүрөткө түшүп "каяктан келдиң?" деп сурап жатышты. Көйнөгүмдүн оймо-чиймелерине кызыккандар аябай көп болду. Кудай буюрса кийинки жылы мындан да жакшы даярдык менен катышууга ниет кылып жатам.

— Кыргызстандан Жаңы Зеландияга жетүү үчүн канча убакыт жол жүрөсүз?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Эгер картадан карасак, эки өлкөнүн аралыгы 13690 чакырымды түзөт. Кыргызстандан Жаңы Зеландияга түз учкан аба каттамдары жок. Бишкек — Стамбул (6 саат), Стамбул — Сингапур (10 саат), Сингапур — Окленд (10 саат) аркылуу келдим. Оклендден жолдошум тосуп алып унаа менен Гамильтон, Таупо, Веллингтон шаарларын кыдырып бир жума дегенде Нельсон шаарына келдик.

—Маек соңунда Кыргызстанга салам жолдоп алсаңыз.

— Кыргызстандан келгениме аз убакыт болгонуна карбай сагына баштадым. Мекеним ар дайым жүрөгүмдө. Жалпы мекендештеримди Нооруз майрамы менен куттуктайм!

Жаңылыктар түрмөгү
0