13:23 29 Жалган Куран 2017
Түз эфир
Ош шаарынын тургуну Дурусбек Урустамов кызы менен

Көзү азиз Дурусбек: жубайым менен кызымдын жүзүн бир көрсөм арманым жок эле

© Фото / Зульфия Тургунова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
234460

Урустамовдордун үй-бүлөсү майыптыгы үчүн алты миң сом алып, беш миң сомун батир ижарасына төлөйт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну Дурусбек Урустамовдун үй-бүлө мүчөсүнүн бардыгы майып. Өзү мектептин баштапкы класстарында окуп жүргөндө көрүүсү начарлап отуруп, кийин таптакыр көрбөй калган. Келинчеги бала кезинен буту ооругандыктан, жакшы баса албайт. Жубайлардын наристеси дагы тубаса азиз болуп төрөлгөн.

Учурда үй-бүлө Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарага алган батирде жашайт. Майыптык үчүн алган жөлөк пулдары батирдин акысынан ашпайт. 

(1:03 / 7.41Mb / )
© Видео / Зульфия Тургунова
Көзү азиз Дурусбек: жубайым менен кызымдын жүзүн бир көрсөм арманым жок эле

"Келинчегим экөөбүз тең мамлекеттен үч миң сомдон жөлөк пул алабыз. Ал эми батирге айына беш миң сомдон төлөйбүз. Кызымдын көзүнө алчу дарыга айына 500 сомдон кетет. Кээде алсак, кээде албай калабыз. Андан тышкары тамак-аш деген бар. Айтор азыр абдан жардамга муктаж болуп турабыз", — деди Урустамов.

Майыптыгынын айынан иштемек түгүл, үй кызматтарын кылууда дагы кыйналарын келинчеги Айпери Каримова билдирди.

"Боюма бүткөндө дарыгерлер төрөй албайсың, алдырып сал дегенине макул болгон эмесмин. Албетте бала багуунун кыйынчылыктарын эки эселеп көрдүм. Дагы жакшы башында апам жардам берип жүрдү. Азыр кошуналарым бош болгондо келип, абалымды сурап турушат", — деди Каримова.

Дарыгерлер кызы беш жашка чыкканда көзүнө операция жасаса болорун айтышкан. Бирок азырынча майыптык боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн дагы өтө элек. Жубайлардын айтымында, алар Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылганда, ата-энеси алган жөлөк пулдун жетерин айтып, балага жөлөк пул төлөөдөн баш тартышкан.

Бала кезинен бери көзү көрбөгөн Дурусбек жубайы менен кызынын жүзүн көрүүнү кыялданат. Бирок алар үчүн биринчи кезекте кызынын ден-соолугу турат. Наристесинин көзү көрүп кетээрине ишенип, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайт.

Тема боюнча

Өрт жалмаган үй. Майып эне, айыл өкмөттөн жардам күткөн бүлө
Элеттиктердин элге жасаган иштери: көчөт тигип үй куруп бергенге чейин
Белгилер:
үмүт, үй-бүлө, майып, наристелер, жардам, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ