04:03 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Мечит. Архивдик сүрөт

Араван районундагы бир нече мечитке эскертүү берилди

© Sputnik / Марк Агнор
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18410

Аравандагы 116 мечиттин 13ү каттоодон өтө элек.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда иштеп жаткан 13 мечитке мамлекеттик эсептик каттоодон өтүүгө бир ай убакыт берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, имамдар мечиттерди өз убагында каттоодон өткөрбөгөндүгү үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан эскертүү алышты.

"Араванда мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча атайын жыйын болду. Ага КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн жана Ош облусунун казыятынын өкүлдөрү, райондук жана жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Араван району боюнча 116 мечит бар экени белгиленген.

Тема боюнча

Ошто дин кызматкерлерине 6000ге чукул китеп таратылды
Белгилер:
документ, каттоо, мечит, Араван району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ