Нааразычылыктарга байланыштуу WhatsApp тиркемесине тексттик статус кайтарылат

© AFP / STAN HONDAЗначок мессенджера WhatsApp
Значок мессенджера WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы өзгөртүүлөр алгач Android платформасында андан соң iPhone телефондорунда иштеп баштайт.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. WhatsApp тиркемесине тексттик статус кайтарылат. Бул тууралуу аталган тиркемени иштеп чыккан адистерге таянуу менен TechCrunch порталы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан тарта WhatsApp өз колдонуучулары үчүн статус жазуунун жаңы ыкмасын киргизген. Тагыраагы тексттин ордуна сүрөттөрдү коюга мүмкүнчүлүк ачылган.

Компаниянын өкүлүнүн айтымында, колдонуучулар мындай өзгөрүүлөрдү жакшы кабыл алган эмес. Ошондуктан статус жазууну калыбына келтирүү чечими кабыл алынган.

"Тиркеменин колдонуучулары ар убак көрүнүп турган тексттик статусту каалашат экен. Ошондуктан мурдагы версияга кайтууну туура көрүп жатабыз. Эми статус ар бир контакттын атынын төмөн жагында жайгашат", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы өзгөртүүлөр алгач Android платформасында андан соң iPhone телефондорунда иштеп баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0