17:02 28 Теке 2017
Түз эфир
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов. Архив

Элчи Ибрагим Жунусов кат жазып, айылдаштары менен мектебинен кечирим сурады

© Фото / из архива Ибрагима Жунусова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (41)
3687120

Бүгүнкү айылга катты КРдин Эл артисти, Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов жазды. Элчи балалык тентектигин эске салып, кат аркылуу кечирим сураптыр.

Алыскы күндөргө чакырган кат

Айылыма кат жазуу, мени тээ балалыгыма, аруу жана таза күндөрүмө, бир туугандарым менен, апам менен бир короодо, бир үйдө, бир дасторкондо тамак ичкен күндөрүмө чакырып жаткандай туюлуп жатат.

Себеби, кат жазбаганыма көп жыл болуптур (канча жыл экенин эстей албай койдум). Азыр телефон менен сүйлөшүп, СМС гана жазып калбадыкпы.

Архивное фото посла Кыргызстана в Турции Ибрагима Жунусова
© Фото / пресс-служба МИД КР
Эл артисти, Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов

Эми минтип Sputnik Кыргызстандын сунушу боюнча, айылыма жана айылдаштарыма кат жазып отурам. Ал үчүн сиздерге ыраазылыгымды билдирем.

"Туулган айылдын топурагы алтын" дегендей, мен ошол "алтын топурактан" жуурулуп, айлымдан торолуп, ааламга сапар алгам. Кичи мекеним — Кара-Суу районунун "Сарай" айылы (мурда Киров деп аталчу). "Сарайымды" эстесем, айылдагы досторду, классташтарым эске түшөт.

Айылым менен досторум жөнүндө "Туулган айылым" деген ырым бар…

Туулган айылым, балалык чагым
Алыстан сенден, түшүндүм баркың.
Туулган айлым, сагынып келдим,
Алыстап сенден, кадырың билдим.

"Сарайыма" сапар алганда биринчи үйгө эмес, түз эле айылдагы көрүстөнгө барам. Себеби, ал жерде апам жана эки акемдин мүрзөлөрү жанаша турушат.

Барып Куран окуп, топурактарын жыттап алардын жанында бир сааттай отуруп, анан үйгө бет алам. Келээримди билген жалгыз карындашым жана эки акемдин балдары мүрзөлөрдү тазалап мени үйдөн эмес, көрүстөндөн күтүшөт. Мунумду айылдаштарымдын баары жакшы билишет.

Кечиргиле, айылым жана айылдаштарым

Мен айылга кат жазуу менен бирдикте, айылдаштарымдан жана айлымдан кечирим сурагым келет. Кичинемде абдан шок элем. Тентектиктин айынан көптөрүн балким, капа кылгандырмын. Биринчи кезекте айылдын аксакалдарынан. Алардын көпчүлүгү аркы дүйнөгө аттанышкан. Ошондой болсо да алардан кечирим сурайт элем….Так эсимде жок, 6- же 7-класста окусам керек эле. Айылда орозо айынын аягында, аксакалдар үймө-үй жүрүп, тамак жеп бүткөндөн соң ошол үйдөгүлөргө ак батасын беришээр эле. Алардын катарына бир үйдөн бирден гана эркек кошула турган. Биздин атабыз жок болгондуктан, чоң акем Фрунзеде студент, ортончу акем менден эки жаш гана чоң, биртке уялчаак болчу. Ошондуктан үйдөн чоң аталардын катарына мен кошулчумун.

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов с сыном. Архивное фото
© Фото / из архива Ибрагима Жунусова
Ата-бала. Ибрагим Жунусов уулу Эламан менен

Айылдын башынан баштап үймө-үй кирип келе жатышып, биздин үйгө жеткенде биздин кошунабыз "биздин тамак даяр болуп калды, жүргүлө" деп үйүнө алып кетип калды. Силердин үйүңөргө анан келебиз деп коюшту. Биздин үйдү аттап кеткендерине ызаланып, кийинки үйлөргө барбай койдум. Апам очоктун боюнда көзүнө жаш алып, үнсүз ыйлап олтуруптур. Аксакалдар эң акырында биздикине келишти. Ызаланган мен дарбазаны кайтара жаап "кирбейсинер, кеткиле" деп кыйкырып, оозго алгыс сөздөр менен баарын тилдегемин. Апам менен ортончу акем мени тарткылап, тынчтандырып, ал эми аксакалдарды үйгө киргизишти. Алар дасторконго олтурганда "мен силердин төрүңөрдө олтурмай сайын, силер менен арапада олтурбайм" дегем. Чоң аталар алар менден кечирим сурашкан, а мен алардан сөккөндүгүм үчүн эч нерсе деген да эмесмин. Алар ушул күнгө чейин ошол күндү күлүп эскеришет. Ошол окуяны ар орозо болгон сайын эстейбиз деп калышаар эле…

Мектебим, адам болгон азыр ошол тентегиң

Экинчи кечиримди мектебимден сурагым келет. Абдан шок элем деп айттым кеттим жогоруда. Парталарга, доскага калем эмес, маки мен сөздөрдү оюп аттарыбызды жазып, дубалдарды ылай менен булгап, сүрөт тартып, эмеректерин бузган учурларыбыз болгон. Эже-агайдын сөзүн укпай, аларды канча жолу тажаткамын. Классташ кыздардын чачынан тартып, бантиктерин партанын отургучтарга байлап койгон учурларыбызды азыр эстесем, абдан уялам… Мен үчүн апам канча жолу директордон сөз уккан. Окуткан агай-эжелерден, классташ кыздардан айрыкча, мектептин полун жууган эжелерден кечирим сурайм. Кийин "Кечир мени мектебим" деген ыры (сөзү Ж.Мамбеталиевдики) жараттым.

Залкар тоодой заңгыраган мектебим,
Көп жыл болду сенден узак кеткеним.
Капа болуп туюк ойго чөмүлбө,
Адам болгон азыр ошол тентегиң
Кечир мени, кең пейилдүү мектебим.

Кошуналар менен…

Үчүнчү кечиримди кошуналарымдан сурагым келет. Топ тээп, чикелдек ойноп канча жолу силердин терезеңерди талкалагам. Кээ бир кошуна балдарды уруп, оозу-мурдун канаткан учурларым болгон. Бирок ошол кезде кошунанын балдары менен канча көп мушташсак да, ушул күндө бири-бирибиздин сыйлап, урматтап менен көрүшүп келебиз. Айылыма барган сайын алар кучак жайып тосуп алышат. Алды чоң ата, таята болуп калышкан. Мен балалыкты абдан сагынам. Балалыка деген дүйнөгө дайым кетким келет. Балалыкта ким менен болгуң келет десе, албетте, апам менен төрт бир туугандарымды атаар элем.

Посол Кыргызстана в Турции Ибрагим Жунусов во время встречи с президентом Турции Реджеп Тайип Эрдоганом. Архивное фото
© Фото / из архива Ибрагима Жунусова
Элчи Ибрагим Жунусов жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган

"Балалыка кетеличи, апаке" деп аталган ырымды эстедим. Төмөндө андан үзүдүлөрдү келтирүүнү эп көрдүм…

Бала кезде эр жетсем деп тез эле
Бата тилеп жатчу элем кечинде.
Түйшүгү көп түгөнбөгөн бүгүндөн
Тажап кеттим эмнегедир апаке.

Тойго барсаң этегиңе жармашып
Мен барам деп карындашыман талашып
Жер тепкилеп ыйлап жаткан кезиме
Кетким келет сени менен апаке…

…Тазанын да тазасы экен ал күндөр

Тазалыка алып кетчи апаке.
Бакыттын да быктысы экен ал күндөр
Балалыкка кетеличи апаке.
Чексиз урматым менен, уулуңар Ибрагим Жунусов.

Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (41)

Тема боюнча

Гүлшан Молдоеванын айылга каты. Өз үнүнөн чочуп чаң салган чоң эне, каткырган чалы
Акын Зайырбек Ажыматов айылга кат жазып, таенесин, бала чактын өксүктөрүн эстеди
Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун
Белгилер:
айылга кат, мектеп, элчи, Ибрагим Жунусов

ЭҢ МААНИЛҮҮ