Модель Айжамал Осмонова: сахнага чыкканда оюма гимн келе берет

© Фото / Aykut SevinçМодель жана алып баруучу Айжамал Осмонова. Архив
Модель жана алып баруучу Айжамал Осмонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач бул сулуу кызды баарыбыз "Большие люди" долбоорундагы Айка катары тааныдык. Андан соң ал Кыргызстандын телеканалдарында иштей баштады. Ушу тапта Айжамал Осмонова Казакстандын телекөрүүчүлөрүн суктантып, сулуулук сынактарынын көркүн чыгарып, киного тартылып жүрөт.

Төрт тарабы төп келген бийкеч менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева маектешти.

— Модель, актриса, алып баруучу… Кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?

— "Кимисин жакшы көрөсүң: апаңдыбы, чоң энеңдиби же эжеңдиби?" дегендей эле сурадыңыз. Ар бир тармактын өзүнүн өзгөчөлүгү болот, бирок мен негизи жакшы да сүйлөйм, модель да боло алам, мыкты да ойнойм.

© Фото / Aykut SevinçМодель Айжамал Осмонова: менин чыгармачылыгым "Большие люди" скетч-шоусунан кийин өсө баштады. Ал жакта үч жылдай жүрдүм. Анан өзүмдү модель катары сынап көргүм келди: VitLine мектебинде окуп, аны менен бирге эле сулуулук сынактарына катышып жүрдүм
Модель и телеведущая Айжамал Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Модель Айжамал Осмонова: менин чыгармачылыгым "Большие люди" скетч-шоусунан кийин өсө баштады. Ал жакта үч жылдай жүрдүм. Анан өзүмдү модель катары сынап көргүм келди: VitLine мектебинде окуп, аны менен бирге эле сулуулук сынактарына катышып жүрдүм

— Шоу-бизнеске кантип туш болуп калдыңыз?

— Кыргызстандагы шоу-бизнестин ооз толтуруп айткыдай масштабы жок. Жөн гана "шоу" бар. Менин чыгармачылыгым "Большие люди" скетч-шоусунан кийин өсө баштады. Ал жакта үч жылдай жүрдүм. Анан өзүмдү модель катары сынап көргүм келди: VitLine мектебинде окуп, аны менен бирге эле сулуулук сынактарына катышып жүрдүм.

— "Кыргызстан" деп жазылган лентаны тагынып сахнада турганда оюңузга эмне келет?

— Шиш таканы эртерээк чечсем экен деп ойлойм! Тамаша. Бул учурда мээмде гимн ойноп турат — "Алгалай бер, кыргыз эл"…

© Фото / Валерия ВартановаМодель Айжамал Осмонова: ийгиликке жетүү үчүн иштеш керек, уйкудан, шаан-шөкөттөн каласың. Жалкоолуктан улам мойнубуз жар бербей атып эле көп нерседен кур жалак калып атпайбызбы!
Модель и телеведущая Айжамал Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Модель Айжамал Осмонова: ийгиликке жетүү үчүн иштеш керек, уйкудан, шаан-шөкөттөн каласың. Жалкоолуктан улам мойнубуз жар бербей атып эле көп нерседен кур жалак калып атпайбызбы!

— Актриса, модель болууну кыздардын көпчүлүгү кыялданганы менен баары эле бул тармакка баш бага бербейт…

— Күнөөлөгөндөй айттыңыз го. Ийгиликке жетүү үчүн иштеш керек, уйкудан, шаан-шөкөттөн каласың. Жалкоолуктан улам мойнубуз жар бербей атып эле көп нерседен кур жалак калып атпайбызбы!

— Сулуулугуңузду пайдаланган учур болду беле?

— Дайыма пайдаланам! Келбетим — бул менин визиттик картам.

— Адатта сулуу кыздардын акыл көрөңгөсүнө көп сын-пикир айтылып келет эмеспи…

Бизнес на красоте в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Сулуу болуш аста-аста... Заманбап сулуулук канча турат?
— Университетте көпчүлүк бюджеттик бөлүмгө өз күчүм менен өткөнүмө ишенчү эмес. Албетте, капа болгом. Эмнеге акылдуу, билимдүү кыз сулуу боло албайт? Кызык… Мектепте жалаң "бешке" окучумун, классташтарым калп айттырбайт. 11-класста Славян университетинин эл аралык журналистика факультетине өтөйүн деп аябай даярдандым. Жыйынтыгы жаман болгон жок — үч бюджеттик орунга өтүп, ата-энемдин канча деген акчасын үнөмдөп калдым.

— Телевидениеге кантип келип калдыңыз?

— Эшик каккыладым, бардык жерге жетишүүгө аракет кылдым. Ошентип эле орношуп калдым. Болгон-бүткөн долбоордун баарына катыштым, анын көбүнө акы төлөнчү эмес. Аракет кыла берсең, берекети сөзсүз болот. Азыр эми өзүм кастинг жарыялап калбадымбы.

© Фото / Aykut SevinçМодель Айжамал Осмонова: Казакстан Кыргызстандан даярдалган кадрларга мыкты деген баа берет. Биздин артисттер, квнчилер, алып баруучуларды жакшы кабыл алышат
Модель и телеведущая Айжамал Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Модель Айжамал Осмонова: Казакстан Кыргызстандан даярдалган кадрларга мыкты деген баа берет. Биздин артисттер, квнчилер, алып баруучуларды жакшы кабыл алышат

— Теле алып баруучулар үчүн Кыргызстан менен Казакстандагы шарттар кандай?

— Өтө деле кескин айырма жок, Бирок Казакстандагы деңгээл бир топ эле жогору. Өлкө канчалык чоң болсо, келечек да ошончо кең эмеспи. Баса, Казакстан Кыргызстандан даярдалган кадрларга мыкты деген баа берет. Биздин артисттер, квнчилер, алып баруучуларды жакшы кабыл алышат.

— Элге аты таанымал кыздын теңин табышы оңой элеби?

— Менде бул жаатта эч кандай маселе жок, теңим бар, бактылуумун!

© Фото / Aykut SevinçМодель Айжамал Осмонова: англис тилине абдан кызыгам, балким дипломат же котормочу болуп кетмектирмин. Сүрөт тартканды жакшы көрөм, айтор ар тараптуумун, ишсиз калмак эмесмин
Модель и телеведущая Айжамал Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Модель Айжамал Осмонова: англис тилине абдан кызыгам, балким дипломат же котормочу болуп кетмектирмин. Сүрөт тартканды жакшы көрөм, айтор ар тараптуумун, ишсиз калмак эмесмин

— Шоу-бизнес кандайдыр бир себептер менен сиз үчүн эшигин жаап койсо, эмне менен алек болосуз?

— Бош отурмак эмесмин. Англис тилине абдан кызыгам, балким дипломат же котормочу болуп кетмектирмин. Сүрөт тартканды жакшы көрөм, айтор ар тараптуумун, ишсиз калмак эмесмин.

— Инстаграмыңызды карасак, жашооңуз жаргалдай сезилет. Реалдуулук деле ошондойбу?

— Каяктагы жыргал? Иши саякат менен байланышкан кесиптин ээлери бар го, мына ошолордукун жыргал деп эсептейм. Мен болсо өз иши менен алектенген карапайым кызмын. Жашоодо баары болот экен — кубаныч, өкүнүч, кыялдануу, көз жаш… Бирок күйөрмандарымдын мени кубанып жүргөнүмдү гана көрүшүн каалайт элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0