Россия Бишкекте жол кырсыгына кабылган дипломатынын ишин иликтеп жатат

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение джипа с дипломатическими номерами с грузовым Mercedes Sprinter
Столкновение джипа с дипломатическими номерами с грузовым Mercedes Sprinter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир ай мурда Бишкекте Россия элчилигинин кызматкери жол тандабасы менен микроавтобусту сүзүп кетип, экинчи айдоочу каза болгон.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы Россия элчилигине таандык унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынын жагдайлары боюнча РФтин компетенттүү органдары иликтөө жүргүзүп жатканын орус элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Жол кырсыгы 16-февраль күнү болгон

Генеральный директор КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Карыпбеков: өлүп калыш тез эле экен, бирок мага Кудай дагы бир өмүр берди окшойт
Маалыматка ылайык, Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Васильев көчөсү менен, ал эми Toyota Land Cruiser Prado машинасы Фучик менен "Манас" аэропортун көздөй бараткан. 

Ал кырсыктан микроавтобустун айдоочусу каза болгон. 

Элчилик жол тандабасты Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери айдап баратканын билдирген. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБинде кылмыш иши козголгон. 

"Иликтөө аяктагандан кийин бул иш Россиянын сот инстанцияларына өткөрүлөт. Ал жерден жол кырсыгынын экинчи катышуусучунун канчалык күнөөлүү экени аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле каза болгон кыргыз жаранынын үй-бүлөсүнө компенсация төлөө маселеси чечилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Рулда элчиликтин биринчи катчысы Виктор Пухов болгон. 22-февраль күнү ал Кыргызстандан чыгып кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0