"Сөйкө" тагылган уйлар, эсеби алынган аарылар, кезек күткөн жылкылар

Жазылуу
Мал уурдап жан баккандарга эле кыйын болду. Жандык тууралуу бардык маалымат камтылган атайын биркалардан уйдун кулагын кесип салып эле кутулбаса, оңой менен арыла албайт экен.

Эми эки-үч жылдан кийин Кыргызстанда кулагына "сөйкө" тагынбаган уйлар дээрлик жок калат. Бул биркаларда мал тууралуу бардык маалымат камтылган. Ал эми өлкөдөгү мал-жандыктын эсебин алуу үчүн ПРООН Россиянын колдоосу менен 464 миң доллар сарптаган. Санакка жада калса аарылар да кирди. 

© Фото / Влад УшаковПРООН долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева
Координатор проекта ПРООН Миргуль Аманалиева - Sputnik Кыргызстан
ПРООН долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Асел Минбаева ПРООН долбоорунун координатору Миргүл Аманалиева менен маектешти.

— Бул суроо баарыбыздын эле башыбызда бар болуш керек: ушунча акчаны чын эле ушундай нерселерге жумшоо зарылбы?

Охота в Костере. - Sputnik Кыргызстан
Аңчылыкка тыюу салууну депутаттар колдогон жок. Добуш бергендердин тизмеси
— Мында жеп жаткан тамагыбыздын коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат. Ветеринарлар менен бийлик анык бир уй кандай ооруга кабылганын, кантип дарыланганын, кайсы жайытта багылганын, кимге таандык экенин билиши керек. Мындан тышкары, мал-жандыкты көзөмөлдөө — Евразиялык экономикалык биримдиктин талабы. Ушу тапта биз керек болсо жакын турган Казакстанга да сүт алып кире албай жатпайбызбы. Эсепке алуу биздин продукцияга болгон ишенимди арттырат. Анан албетте, жайытты туура бөлүштүрүү үчүн малдын санын билүү деле ашыкча болбойт да.

— Фермерлер кандай кабыл алышты?

— 135 тренинг өткөрүп, өлкө боюнча үч миң кишини окуттук. Фермерлердин көбү, айрыкча кайра иштетүү тармагындагылар колдоп беришти. Анткени, бул система чет элдик рынокко жол ачып жатат.

— Мунун баары бекер эмес да, ээ? Баасы кандай?

Компания Калининградский деликатес - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ветлабораторияларды ачуу үчүн 170 млн. сом бөлүнөт
— "Иймектин" бир жубу 35 сом, бийлик 700 миң бирка даярдап койду. Ветеринарга ар бир малдын башы үчүн 35 сом төлөнөт. Демек, бир уйга 70 сом керектелет. Бүгүнкү күнү 200 уйга бирка тагылды, ал эми жалпы өлкө боюнча анын саны миллиондон ашат. 2018-жылга чейин ири мүйүздүү малдын баары идентификацияланат. Кийинки кезекте жылкы турат, бирок аларга бирка тагылбастан терисинин алдына чиптер киргизилет.

— Эмнеге?

— Ээлери уруксат бербейт, анткени жылкынын териси назик болуп, бирка айрып салышы мүмкүн. Мага ветеринарлар ушундай деп түшүндүрүп беришти. Эми үй канаттуулары менен аарылардын эсебин алалы деп турабыз.

— Биркалар мал уурулукка бөгөт коет деген сөз бар. Чынбы?

— Биркаларды алып салууга болбойт. Анүчүн уйдун кулагын кесип эле алыш керек. Бул, албетте, шек жаратат. Демек, мындай аракет кылмыштуулуктун да жолун бууйт десек болот.

Материал орус тилинен которулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0