Кыргызстанда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Адис менен маек

© Фото / Алишер Жакыпов Аравандык Анвар аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиев
Аравандык Анвар аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул кышта Кыргызстанда биринчи жолу Ош облусунун Араван районунда күнөсканада дарбыз бышып, килограммы 100-120 сомдон сатылды. Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында отургузулган дарбыздар жаңы жыл алдында түшүм берди.

Аравандык Рахим аттуу дыйкан көп жылдан бери күнөскана тармагын мыкты өздөштүргөн адис, жеке ишкер Бакай Алиевге дарбыз өстүргүсү келип жүргөнүн айтып, андан кеңеш сураган.

Бүгүн Алиев иш жаңы башталганда күнөсканада дарбыз бышарына өзү дагы ишенбегенин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

— Бакай, күнөсканада дарбыз өстүрүү ишине кандайча аралашып калдыңыз?

— Рахим менен кесиптешпиз десем болот. Экөөбүз тең көп жылдан бери күнөскана иштетип келебиз. Бирок буга чейин жалаң эле бадыраң, помидор, көк-сактарды өстүргөнбүз. Бир күнү күнөсканачылардын семинарынан Рахимге жолугуп калып, ал дарбыз өстүрүү идеясын айтты. Менден кеңеш сурады, бирок мен анын бышарына ишене берген жокмун. Анүстүнө сентябрь айы аяктап калган. Дарбыздай ысыкты сүйгөн жемиштин кыш мезгилинде бышышы өтө эле күмөн негизи.

© Фото / Алишер Жакыпов Ушул кышта Кыргызстанда биринчи жолу Ош облусунун Араван районунда күнөсканада дарбыз бышып, килограммы 100-120 сомдон сатылды
Ушул кышта Кыргызстанда биринчи жолу Ош облусунун Араван районунда күнөсканада дарбыз бышып, килограммы 100-120 сомдон сатылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ушул кышта Кыргызстанда биринчи жолу Ош облусунун Араван районунда күнөсканада дарбыз бышып, килограммы 100-120 сомдон сатылды
© Фото / Алишер Жакыпов Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында отургузулган дарбыздар жаңы жыл алдында түшүм берди.
Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында отургузулган дарбыздар жаңы жыл алдында түшүм берди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында отургузулган дарбыздар жаңы жыл алдында түшүм берди.
1/2
Ушул кышта Кыргызстанда биринчи жолу Ош облусунун Араван районунда күнөсканада дарбыз бышып, килограммы 100-120 сомдон сатылды
2/2
Өткөн жылдын сентябрь айынын аягында отургузулган дарбыздар жаңы жыл алдында түшүм берди.

— Дарбыз канча аянтка эгилди эле?

— Биринчи жолу болгондуктан, эксперимент катары эле бир сотых жерге өзүнчө күнөскана жасап, ошол аянтка экти.

— Бир сотых жерден канча дарбыз алса болот экен?

— Дарбыз үчүн бул өтө кичинекей, ошондуктан 60ка чукул эле дарбыз бышыптыр.

— Жемиштин толугу менен бышышына канча убакыт кетти?

Теплица бизнесмена Тилека Токтогазиева - Sputnik Кыргызстан
Акенеев: КМШ өлкөлөрүнүн рыногу КРдин айыл чарба продукциясына кызыкдар
— Үч ай. Сентябдын аягында отургузуп, жаңы жыл алдында бардыгын үзүп алды. Жаңы жыл майрамдарына карата сатам деп тилек кылса керек, бирок башында 3-4 гана дарбыз өттү. Калганы бир айдын ичинде сатылып бүтүптүр.

— Кышында бышкан дарбыздын баасы өтө эле кымбат болсо керек?

— Албетте, анткени эмгек акталышы керек да. Бир колограммын 100-120 сомдон сатты. Ал эми бир дарбыз 10-12 килограммга чейин жетти. Ошондо бир дарбыздын баасы бир миң сомдон ашып кетет.

— 12 килограммдык дарбызды күздүн күнү аз жолуктурасың. Дары берилсе керек?

— Жок, дары берилген жок. Болгону топуракты мал кыгы менен семирткен.

— Эмки кышта дагы дарбыз өстүрөт бекен?

— Аны чече элек. Анткени, бул жолкусу өтө кыйынчылык менен жетилди. "Мунун ордуна помидор менен бадыраң өстүрсөм, эки эсе көп тапмакмын" деп сүйлөндү. Ал эми дарбызды өстүрүүгө сегиз миң сом чыгым кетирип, 30 миңдей гана киреше тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0