Кытай: жигит сүйлөшкөн кызынын колун сурап 33 тонналык таш алып берди

© SputnikЖитель города Урумчи делает предложение своей девушке, фото со страницы Твиттер пользователя ShanghaiExpat
Житель города Урумчи делает предложение своей девушке, фото со страницы Твиттер пользователя ShanghaiExpat - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай соодагери батир алам деген акчасына 33 тонналык "метеорит" таш алып, сүйлөшкөн кызынын турмуш курууга макулдугун сурап барган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кытайдын Үрүмчү шаарынын Синьцзян уйгур автономдуу районунун тургуну сүйлөшкөн кызынын колун суроо максатында бир миллионго юанга 33 тонналык таш алган. Бул тууралуу РИА Новости Sina порталына шилтеме берип кабарлады.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Никеге турган кыз-келиндер тууралуу жети факты
Окуя шейшемби күнү катталган. Анда Лю Фэй аттуу жигит өзүнүн төрт жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Ван Фанфан аттуу кызынын колун сурап барып, нике шакегинен тышкары коллекционерлердин биринен 33 тонналык "метеорит" делген таш сатып алган.

Sina порталы маалымдагандай, кыздын колун сурап барган адам ташка батир алам деген миллионун сарптап салган.

"Былтыр коллекционерден бир таш көрүп аны Ван Фанфан жактырып калган. Мындан улам жигит бул ташты нике шакеги менен кошо белек кылган", — деп жазылат маалыматта.

​Муну Лю Фей экөөнүн сүйүүсү таштай бекем жана түбөлүктүү болот деп түшүндүргөн. Жигитинин мындай күтүүсүз белегинен кийин Ван Фанфан ага турмушка чыгууга макулдугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0