Жалал-Абад шаары жашылдандырыла баштады

Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык мекемелерге 200гө жакын мөмө-жемиштин көчөтү тигилди.

БИШКЕК, 16-мар.— Sputnik. Жалал-Абад шаарында "Бир момунга бир дарак" аттуу аймакты жашылдандырууга багытталган иш-чара өттү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Работа по озеленению города Ош - Sputnik Кыргызстан
Ошто жазгы көрктөндүрүү иштери башталды
Маалыматка ылайык, төрт орто мектептин, бала бакчанын жана психоневрологиялык социалдык стационардын айланасына 200гө жакын мөмө-жемиштин көчөтү тигилген.

Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, казыят, имамдар жана мектеп жектекчилиги катышты.

Эске сала кетсек, "Бир момунга бир дарак" атуу жашылдандыруу акциясы муфтият жана "Ыйман" фонду тарабынан демилгеленген.

Жазгы айдап-себүү, көчөт отургузуу боюнча даярдалган инфографиканы Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан көрсөңүз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0