Атамбаев эми жыл сайын Индияга барып турмай болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Индию
Государственный визит президента КР Алмазбека Атамбаева в Индию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Индия менен Кыргызстанды көп нерсе байланыштырып турарын, анын ичинде тарых жана менталитет да бар экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Президент Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин жыл сайын Индияга барып турууну пландап жатат. Бул тууралуу ал ишеним грамота тапшыруу салтанаты учурунда билдирди.

"Эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин жыл сайын Индияга барып турууну пландап жатам. Бизди менталитетибиз жана тарых бириктирип турат. Анткени Таж-Махалды куруучулардын башында Бабур турган. Ал биздин Ош жергесинен болот. Былтыр жыл аягында Индияга болгон сапарымды жылуу сезимдер менен эстейм", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле Латвиянын элчисине кайрылып, Балтика боюндагы мамлекеттерге барууну каалай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0