БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 2017-жылдын велосезонунун ачылышына карата "Түштүк дарбазасындагы" Даир Асанов паркында 26-март күнү веложүрүш болорун иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Велосипедчендер шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып, кайра сейил бакка кайтышат. Ал жерден ар кандай сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгелер берилет. Ошондой эле Орто-Сай айылындагы тоолордо пикник уюштурулат.
"Жүрүшкө катышуу үчүн сизге велисипед жана шлем керектелет. Мындан тышкары, жол эрежелерин бузбай, Кайгуул милициясынын талаптарын кынтыксыз аткарышыңыз зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган иш-чара 11 жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулардын айтымында, былтыр ага бир миңден ашуун адам катышкан.