Кыргызстанда жуманын аягында велосезон ачылат

© Sputnik / Михаил ДудинЕжегодный велопробег до альплагеря в ущелье Ала-Арча
Ежегодный велопробег до альплагеря в ущелье Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 11 жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулардын айтымында, былтыр ага бир миңден ашуун адам катышкан.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 2017-жылдын велосезонунун ачылышына карата "Түштүк дарбазасындагы" Даир Асанов паркында 26-март күнү веложүрүш болорун иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Велосипедчендер шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып, кайра сейил бакка кайтышат. Ал жерден ар кандай сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгелер берилет. Ошондой эле Орто-Сай айылындагы тоолордо пикник уюштурулат.

"Жүрүшкө катышуу үчүн сизге велисипед жана шлем керектелет. Мындан тышкары, жол эрежелерин бузбай, Кайгуул милициясынын талаптарын кынтыксыз аткарышыңыз зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-чара 11 жылдан бери өткөрүлүп келет. Уюштуруучулардын айтымында, былтыр ага бир миңден ашуун адам катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0