Жанар Акаев: толкундоолорду унутсак Шералынын чокоюндай кылып сүрөттөрүн илип коелу

Жазылуу
Депутат журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес экендигине токтолду.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев Жогорку Кеңешке Шералынын чокоюндай кылып толкундоолордун сүрөттөрүн илип коюуну сунуштады.

Парламентте сөз эркиндиги боюнча кеп козголуп, айрым депутаттар журналисттер чектен ашып жатканын айтып чыгышты.

"Журналисттерди бир тараптуу күнөөлөгөн туура эмес. Алар депутаттардын сөзүнө таянуу менен жазып жатат да. Элдин баары парламентти карап отурса жазууга милдеттүү. Буга чейинки эки революциянын келип чыгышына сөз эркиндигинин басмырланышы да себеп болгон. Ошону унутуп калдыкпы. Андай болсо Шералынын чокоюндай кылып, сүрөттөрүн илип коёлу", — деди Акаев.

Эл өкүлү депутаттар да жоопкерчиликти сезе жүрүшү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0