Борбор калаада ишембиликке миңден ашык шаардыктар катышат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСубботники в городах России
Субботники в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана студенттер катышат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында миңден ашык адамдын катышуусунда ишембилик өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков билдирди.

Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз курулуштарды жаап-жашырган мэриянын кызматкерлери иштен алынат
Анын айтымында, райондук администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп жаткан ишембилик 18-мартка белгиленген. Анда аталган райондун аймагына кирген 46 көчөдө тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, коомдук уюмдар жана студенттер катышат.

"Бишкек биздин таза шаар" урааны менен өткөрүлө турган иш-чарада таштанды чогултуу, арык тазалоо, дарактарды кыйыштыруу жана канаттууларга уя салуу иштери аткарылып, миңден ашык калаа тургундары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0