Россияда кыргыз аял беш жолу жасалма уруктандыруу жасатып, алтынчысында төрөдү

© AFP / JAY DIRECTOЖаңы төрөлгөн ымыркай. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жанара айымдын учурдагы бактылуу көз ирмемдерин сөз менен жеткирүү кыйынга турат. Бул күндү 17 жылдан бери зарыгып күтүп, жашы 40ка таяп калганда экстрокорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ) жолу менен көксөгөн наристесинин жытын искеп отурат.

Жанара (аты-жөнү өзгөртүлдү — ред.) биринчи турмушка чыккан жеринен орун-очок таап кете албай, ажырашкан соң, чет өлкөгө иштеп кеткен. Ал жакта жүрүп экинчи ирет үй-бүлө күткөндөн кийин илдетке чалдыгып, бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Мунун айынан жубайлар жасалма уруктандыруу жолу менен бала күтүүгө аргасыз болушат.

Бакытка балкыган эне менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков маектешти.

— Жанара айым, табигый жол менен төрөй албай калышыңызга эмне себеп болду?

— 19 жашымда алыскы бир айылга турмушка чыккам. Бирок отубуз күйүшпөй, үч айдан кийин ажырашып кеттик. Уулдуу болуп, өзүм багып чоңойттум. Учурда ал балам мектепти аяктап калды.

Новорожденный ребенок - Sputnik Кыргызстан
Карын эне: түшүнүп турам, бирок төрөгөн наристемди батирге алмашкым келбей калды
Жолдошум менен ажырашкандан кийин кесибим боюнча окуумду уланттым. Андан ары тиричиликти алып кетүү үчүн башкалар сыяктуу чет өлкөгө барып иштөөгө туура келди. Казакстанда жүргөндө экинчи ирет турмушка чыктым. Ошондо ысык-суука карабай, талаалап жүрө берип, ден соолугума катуу зыян келтирип алыптырмын. Операция жасатып, маал-маалы менен дарыланып жаттым. Кийинчерээк Россияга келип иштей баштадык, бул жерде да ооруп калып операция жасалды. Ошондон кийин табигый жол менен төрөөгө мүмкүн болбой калды.

— Эми төрөй албайсың дегенди угуу оор эле болсо керек?

— Мм… Ал учурду сөз менен айтып бере албайм го… Экинчи операциянын алдында дарыгерлер "мындан ары балалуу боло албайсыңар" деп ачык эле айтышкан. Ал учурда жолдошум "ниет кылсак баары табылат, башкысы өзүң аман болсоң болду" деп жоошутуп жүрдү. Операциядан үч ай өткөндөн кийин бала асырап алдык да ошону менен алаксып, жашоо уланып кетти.

— Башында жасалма уруктандыруу жолу менен бала күтсө болоруна ишендиңиздер беле?

— Мага операция жасаган дарыгерлер "экстрокорпоралдык уруктандыруу деген программа бар, анын жардамы аркылуу жасалма жол менен уруктандырып бойго бүтүрсо болот" дешти. Бирок баасы өтө кымбат экенин, аны бир жолку колдонууда эле ийгиликтүү натыйжа берерине кепилдик жок экенин айтышкан. Муну уккандан кийин бар күчүбүз менен иштеп, аракет кылып каражат чогулта баштадык.

— Үй-бүлөңүз кандай кабыл алды, кооптонгон жокпу?

— Биз бул боюнча көп маалымат алып, изилдеп көрүп, анан чечим чыгарганбыз. Андыктан үй-бүлөбүз да түшүнүү менен эле кабыл алышты. Өтө кооптоно турган деле жагдай эмес экен.

— Жасалма уруктандыруу дароо эле натыйжа бербей, бирок топ эле кыйналыптырсыздар да?

— Айрымдар бир жолу жасатканда эле боюна бүтүп калат экен. Тилекке каршы, мен бир нече ирет жасатсам да натыйжа бербей жатты. Бирок үмүт үзбөй, жылдап иштеп акча чогултуп кайра-кайра жасата бердик. Кудайдын кудурети менен алтынчы жолкусунда көксөгөнүбүзгө жетип, перзенттүү болуп кубанычыбыз коюнга батпай отурган кезибиз.

— Баасы кандай экен?

Бала көтөргөн эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балалуу үй базар. Кырктын кырындагы кыргызстандык баатыр энелер
— Биз Россияда иштегенибизге байланыштуу ушул жактагы клиникаларга кайрылып жаттык. Бул жерде Кыргызстанга салыштырмалуу арзаныраак. Орто эсеп менен биринчи жасаган кызматы 200 миң рублдин тегерегинде болот. Эгер анда болбой калса, үч айдан кийин барып кайра жасата берсең болот. Кийинкилеринин баасы да 50 миң рублдан кем болбойт. Эгер биринчисинде эле түйүлдүк пайда болуп калса, клиникага акча төлөп эркектин уругун сактатып коюп, кийинчерек дагы кайрылып төрөй берсең болот. Биз ал кызматты алты жолу пайдалангандыктан бир топ эле каражат жумшадык. Акча табыла турган нерсе да!.. Жашоодо эң негизгиси бакытка жетүү үчүн аракет кылыш керек экен. Бүк түшүп ыйлап отуруп калбай, далалат кылсаң баарына жетсе болоруна ынанып отурам.

— Дарыгерлер төрөттөн кийинки саламаттыгыңызга кандай баа берип жатышат?

— Кудайга шүгүр, төрөттөн кыйналбай, жеңил көз жарып алдым. Башында дарыгерлер операция жолу менен төрөтөбүз деп жатышкан, бактыга жараша, өзүм төрөдүм. Учурда балам экөөбүздүн тең ден соолугубуз жакшы.

— Балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөргө эмне айта аласыз?

— Аялдарга айтарым, төрөбөй калам деп эч качан коркпош керек. Азыр мүмкүнчүлүктөр кеңири, болгону аракет кылуу зарыл. Айрымдары "кыргызчылык" деген түшүнүк менен көзү ачык, табыптарга барып, андан майнап чыкпаса, кол кушуруп унчукпай отуруп калып жатпайбы?.. Баланын айынан канчалары ажырашууга мажбур болушат. Мындайда эртерээк дартты аныктап,  бар күчүн жумшаса, сөзсүз ата-энелик шыбага буюрат.

Кыргызстанда ЭКУнун баасы кымбат болсо да суроо-талап жогору

Дүйнөлүк медицинада экстрокорпоралдык уруктандыруу алгачкы жолу 1978-жылы Улуу Британияда натыйжа берип Луиз Браунд аттуу кыз төрөлгөн. Бул эмгеги үчүн британиялык окумуштуу Роберт Эдвартс 2010-жылы Нобель сыйлыгына татыган.

Медициналык жабдыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым-жартылай төрөлүп, ара жолдо чарчап калган ымыркай иши иликтене баштады
Кыргызстанда мындай кызмат көрсөткөн клиникалар 2008-жылдан тарта ачыла баштады. Бишкектеги клиникалардын бириндеги ЭКУ лабороториясынын жетекчиси Канат Абеков жасалма уруктандыруу процесстери жөнүндө мындайча маалымат берди.

— Экстрокорпоралдык уруктандыруу аялдын жатын түтүкчөлөрү жабыркаса, органикалык мүчүлүштүктөр кетсе жана башка ар кандай себептер менен бойго бүтпөй калган учурда колдонулат. Алгач аялды да, эркекти да медициналык кароодон өткөрүп дартын аныктап чыгабыз. Анан ошого жараша этап-этабы менен дарылоо процедурасы башталат.

Жасалма уруктандырунун бир жолку баасы 2200дөн 3700 долларга чейин болот. Эгер биринчисинде түйүлдүк пайда болбой калса, кийинки жасаткандарына ошондой эле акы төлөнөт. Анткени керектелүүчү аппараттардан тарта майда шаймандарына чейин өтө кымбат болгондуктан баасы да жогору. Ага карабай өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жана коңшу мамлекеттен келгендердин саны арбын. Жеке эле биздин клиникада ушундай ыкма менен ай сайын 2-3 аял төрөйт. Мындан сырткары, жалгыз бой жүргөн, турмушка чыга элек айымдар да көп кайрылат. Анткени 35 жаштан өткөндөн кийин бойго бүтүү кыйынга турат. Ошондуктан алар уругун сактатып коёт да, кийин каалаган убагында турмушка чыкпаса деле донордук урук салдырып төрөй беришет.

Жаңылыктар түрмөгү
0