Вице-премьер Разаков кыргыз-казак чек ара өткөрүү жайларын кыдырды

Жазылуу
Атка минер тийиштүү органдарга өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу жана мобилдик топтор менен кызматташтыкты түзүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 11-март. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Разаков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Чалдыбар", "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Кең-Булуң", "Токмок", ошондой эле "Чалдыбар" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пункттарындагы тараза көзөмөлүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Иш сапардын алкагында вице-премьер экономикалык кылмыштар менен күрөшүү жана чек ара кызматынын жетекчилерине өткөрүү жайларынын ишин жакшыртуу жана аймактык мобилдик топтор менен кызматташтыкты түзүүнү тапшырды", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы чек ара инфраструктурасын жакшыртуу максатында "Токмок", "Кең-Булуң", "Чалдыбар" жана "Актилек" пункттарын жаңылоону тапшырган. Бул багытта республикалык бюджеттен 72 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0