Бишкектин айрым жерлеринде үч күнгө газ өчүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВключение газовой плиты с помощью спички
Включение газовой плиты с помощью спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурдарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-марттан 16-мартка чейин Шевченко, Фрунзе, Үмөталиев көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектисине газ берилбейт. Андан сырткары, 14-марттан 17-мартка чейин 12-кичирайондо дагы газ болбойт.

Көгүлтүр от газ куурдарындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0