Бишкектин көчөлөрүнө унаа токтотуучу жайлар курулууда. Тизме

© Sputnik / Руслан КривобокКөчөдөгү унаалар. Архив
Көчөдөгү унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы унаа токтотуучу жайлар өзүнө 5 миң унааны батырып, ушул жылдын 1-июлуна чейин бүтүшү пландалууда.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жакында Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жалпысынан 5 миң унааны батыра турган "чөнтөк унаа токтотмолор" пайда болорун шаар мэриясынан маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, мындай тапшырма 2016-жылы "Бишкекасфальтсервис" ишканасына жүктөлгөн.

"Бишкектин негизги көчөлөрүнүн мүмкүн болгон жерлерине унаа токтотуучу кошумча жайларды даярдоо көчөдөгү унаа тыгынын азайтууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштеринен биринчи этабы төмөнкү көчөлөрдө башталды:

  • Панфилов көчөсү (Киев көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейин);
  • Киев көчөсү (Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин)

Келечекте:

  • Исанов көчөсү (Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);
  • Манас проспектиси (Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин);
  • Москва көчөсү (Манас проспектисинен Абдрахмановго чейин).

Аталган көчөлөргө жайгашкан унаа токтотуучу жайлар өзүнө 5 миң унааны батырып, ушул жылдын 1-июлуна чейин бүтүшү пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0