Борбор калаага 10 миң бак отургузулат

Жазылуу
Бишкек шаарында өсүп жаткан бактардын болжолдуу жашы 50-60 жыл болгондуктан аларды кыйып, жаңыларын отургузуп туруу зарыл.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаарына 10 миң бак отургузулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

2016-жылы 120 миңдей бак текшерилип, 6 миң 700гө жакын бактын кулап калуу коркунучу бар экени жана чиригени аныкталган. Анын 2191и кыйылып, ордуна жети миңден ашык дарак отургузулган.

"Бишкек шаарында өсүп жаткан бактардын болжолдуу жашы 50-60 жыл болгондуктан аларды кыйып, жаңыларын отургузуп туруу керек. 2015-жылы жаандын айынан 73 бак кулаган, былтыр болсо 42 бак кулап, адам өмүрүн алган фактылар дагы катталды", — деп айтылат маалыматта.

"Зеленстрой" муниципалдык ишканасына куураган, коркунуч туудурган бактарды дайыма аныктап, аларды тазалап турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0