Өмүрбек Текебаев мурдагы Аскер сотунун имаратына алып келинди

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда
Митинг сторонников Омурбека Текебаева у здания городского суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык соттун алдындагы митингчилер Ак үй алдына жөнөштү. Алар депутат Өмүрбек Текебаевди үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Депутат Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз мурдагы Аскер сотунун имаратында каралмай болгондугун Sputnik агенттигинин кабарчысы депутат Асия Сасыкбаевга таянуу менен жеринен билдирди.

Буга чейин арыз шаардык сот тарабынан каралары айтылып, митингчилер Орозбеков көчөсүнө чогулган болчу. Кабарчынын айтымында, депутаттын тарапташтары каршылык акциясын улантуу үчүн Ак үй алдына жөнөштү.

"Депутат Өмүрбек Текебаев мурдагы Аскер сотунун имаратына алып келингенин анын тарапташы Асия Сасыкбаева билдирди", — деди кабарчы.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК абагында жаткан Текебаевдин бөлмөсүндө бардык шарттар бар
Эскерте кетсек, Текебаев 26-февраль күнү Венага болгон иш сапарынан кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармалган. Биринчи Май райондук соту "Коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан депутатты 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Текебаевдин тарапташтары депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0