Өкмөт башчы Таластагы фитосанитардык лабораторияны ачат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков иш сапарынын алкагында бир нече объектилерди кыдырат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Жээнбеков Кызыл-Адыр айылындагы фитосанитардык лабораториянын ачылышына катышат.

Мындан сырткары, "Тараз — Талас — Суусамыр" автожолунун курулушу, "Арашан" сүттү кайра иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0