Атамбаев: бардык энелерге башымды ийип таазим этем

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивидк сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы өз куттуктоосунда аялдардын коомдогу ордуна токтолгон.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоодо март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көңүлүбүздү ачаары, жашоого дем берээри айтылат.

"Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган. Кыргызстандын соӊку тарыхында оор сыноолорду аялдар чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип чыкты", — деп жазылат куттуктоодо.

Кайрылуунун соңунда президент айымдарга чыӊ ден соолук, узак өмүр каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0