Ажыга барчуларды эмдөө үчүн дарылар 1-майга чейин алып келинет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл кыргызстандык зыяратчыларга жалпысынан 4585 квота каралган. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 900 орунга көп.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Быйыл ажылыкка бара турган зыяратчыларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн дарылар 1-майга чейин алып келинет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, зыяратчыларга эмдөө жүргүзүү үчүн дарыларды алып келүү үчүн конкурска "Фарватер" фирмасы гана арыз берип, ал жеңүүчү деп табылган.

"Конкурстун жыйынтыгында убактылуу республикалык штабдын курамынан түзүлгөн комиссиянын чечими менен "Фарватер" фирмасын эмдөө дарыларын алып келүү боюнча жеңүүчү деп табылды. Ошондой эле 2017-жылдын 1-майына чейин эмдөө дарыларын алып келүү милдетин алды", — деп айтылат маалыматта.

Муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жолдошбек Абдылдаев: зыяратчылар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты
Эске салсак, быйыл кыргызстандык зыяратчыларды Flaynas авиакомпаниясы Boeing 767-300 учагы менен ташыйт жана авиабилеттин баасы 1550 АКШ долларын түзөт.

Ажыларга 30 килограмм жүк, 10 килограмм кол жүк, 5 литр зам-зам суусун алууга уруксат берилген.

Андан сырткары, зыяратчылардын ажылык сапары учурунда кие турчу кийимдери кандай болору аныкталып, аны тиге турчу тараптар да аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0