Илим Карыпбеков Facebook баракчасына биринчи билдирүүсүн жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү
Биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканада жаткан КТРК жетекчиси эл-журтка ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Биринчи каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков Facebook баракчасына биринчи билдирүүсүн жазды.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, дарыгерлердин жардамы менен кайра калыбына келтирилген. Ошол эле күнү Минск шаарынан Карыпбековдун апасы учуп келген.

"Досторум, кесиптештерим, жакындарым, колдоочуларым! Чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем! Сиздердин жардам, колдооңуздар менен ден соолугум калыбына келүүдө! Биздин алтын доктурларыбыз мүмкүн болбогон нерселерди кылып жатышат", — деди Карыпбеков.

Ал ошондой эле айымдарды келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктады.

Дарыгерлердин Илим Карыпбековду кантип аман алып калгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0