Оштогу спорт ордонун курулушуна Иран 73 млн. сом бөлүп берет

Жазылуу
Спорт ордосу Ош шаарынын "Манас-Ата" кичирайонунда жайгашары белгилүү болду.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 3-мартта Ош мэринин орун басары Шакир Зулимов Ирандын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Сейед Саттар Пурсейед башында турган делегация менен жолугуп, тараптар спорт комплекстин курулушун талкуулашты.

Сүйлөшүү маалында Зулимов долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бийлик жардам берерин билдирди. Спорт ордосу калк жыш жайгашкан "Манас-Ата" кичирайонуна курулары пландалууда.

"Бул маданий-спорттук борбордо ар кандай этникалык топтордун жаштары спорт менен алектене алат. Демек жаштар арасында достук менен ынтымактын бекемделишине өбөлгө түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда долбоорго жалпысынан 73 миллион сом жумшалары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0