Футбол: Кыргызстан — Макао беттешинин билеттери 18-марттан тарта сатыкка чыгат

Жазылуу
Кыргызстандын курама командасы быйыл биринчи расмий беттешин 28-мартта өткөрөт.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстан — Макао беттешинин билеттери 18-марттан тарта сатыкка чыгат. Бул тууралуу КР Футбол федерациясы билдирди.

2019-жылы боло турчу Азия кубогунун тандоо туру 28-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Билеттердин баасы жайгашкан ордуна жарата 200, 350 жана 500 сомдон сатылат.

Кыргызстандын курама командасы квалификациялык оюндарда Индия, Мьянма жана Макао мамлекеттеринин командалары менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0