Эми Facebook мессенджеринде дагы "лайк" басууга болот

© flickr.com / Thomas Angermann"Like" баскычы. Архив
Like баскычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми колдонуучулар маектешинин жеке билдирүүсүнө күлгөн, жинденген, ыйлаган, таң калган эмоциясын билдире алат. Ошондой эле алардын катарында жүрөкчө, "лайк" жана жаңы кошулган "дизлайк" белгилери бар.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Facebook соцтармагынын мессенджериндеги жеке билдирүүлөргө көз карашын билдирүү кызматы тесттен өткөрүлө баштаганын британиялык The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Жаңылануу компания 2016-жылдын февраль айында киргизген "лайкттарга" эле окшош болот. Ошондон бери колдонуучулар мурдагыдай жөн гана жактырганын билдирбей, жакшы көрөрүн, күлкүсүн, жинин жана таң калуусун көрсөтүп келет.

Жаңы опциянын алкагында эми колдонуучулар маектешинин жеке билдирүүсүнө күлгөн, жинденген, ыйлаган, таң калган эмоциясын билдире алат. Ошондой эле алардын катарында жүрөкчө, "лайк" жана жаңы кошулган "дизлайк" белгилери бар.

Учурда аларды тестирлөө жүрүп жатканын компаниянын өкүлү расмий билдирди.

"Биз мессенджер кызматын көңүлдүү жана кызыктуу кылыш үчүн ар кандай жаңылыктарды киргизип турууга аракеттенебиз. Азыркы тестибиз ийгиликтүү өтүп кетсе, колдонуучулар эми маектешинин билдирүүсүнө эмоциясын билдире алат", — деди Facebook өкүлү.

Жаңы функция жалпы колдонууга качан берилери азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0