Япония Кыргызстандагы майыптардын жабдуусу үчүн 3 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Евгений Самарин / Медиабанкка өтүүМедициналык жабдыктар. Архив
Медициналык жабдыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчилик Кыргызстандын аймагында гранттык жардам долбоору менен 1996-жылдан тарта иштеп келет.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги япон өкмөтүнөн 42 миң 423 доллар (3 миллион сомго жакын) каражат алганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министр Таалайкүл Исакунова берилген жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул каражат реабилитациялык борборлор үчүн жогорку сапаттагы медициналык жабдууларды алууга жумшаларын баса белгиледи.

"Реабилитациялык борбор жылына 700гө жакын майып адамга кызмат көрсөтөт. Берилген жардам майып адамдарды сапаттуу тейлөөгө шарт түзөт", — деди министр.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Есихиро Ямамура алардын элчилиги гранттык жардам көрсөтүү долбоорлору менен 1996-жылдан тарта алектенип келерин айтып, 20 жыл аралыгында 138 долбоор ишке ашырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0