Ошто жол эрежесин бузган айымдарга милиция гүл белек кылууда

© Фото / Зульфия ТургуноваПоздравления автоледи сотрудниками ПМ в Оше
Поздравления автоледи сотрудниками ПМ в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара учурунда айдоочу айымдардын көбү коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган.

ОШ, 6-мар. — Sputnik. Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жана айымдардын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белекке берүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Кайгуул милициясынын маалымат катчысы, ага тескөөчү Айбек Бечелов билдирди.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жана айымдардын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белекке берүүдө
Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жана айымдардын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белекке берүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жана айымдардын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белекке берүүдө
© Фото / Зульфия ТургуноваИш-чара учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган.
Иш-чара учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чара учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган.
© Фото / Зульфия ТургуноваАл эми айрымдары куттуктоо үчүн токтоткон буйрукка баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды.
Ал эми айрымдары куттуктоо үчүн токтоткон буйрукка баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал эми айрымдары куттуктоо үчүн токтоткон буйрукка баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды.
1/3
Ош ОИИБдин Кайгуул милиция бөлүмү жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында жана айымдардын келе жаткан 8-март майрамы менен куттуктап, жол эрежесин бузган айымдарга гүл белекке берүүдө
2/3
Иш-чара учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган.
3/3
Ал эми айрымдары куттуктоо үчүн токтоткон буйрукка баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды.

Анын айтымында, бул иш чара үч күнгө созулат.

"Иш-чара учурунда көпчүлүк аялдар коопсуздук курун тагынбай жүргөнү үчүн токтотулган. Ал эми айрымдары куттуктоо үчүн токтоткон буйрукка баш ийбей качып кеткен учурлар да катталды. Айымдар эркектерге караганда жол эрежесин көп бузушпайт. Бирок алар жол эрежесин толук сактайт деп айтууга да болбойт. Көпчүлүк учурда машина айдап баратып телефондо сүйлөшүп, коопсуздук курун тагынышпайт", — деди Бечелов.

Маалымат катчы жыл башынан бери 8087 административдик протокол түзүлгөнүн айтып, анын ичинде 129 айдоочу мас абалында кармалса, 40 айдоочу унаасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн чаралар көрүлгөнүн кошумчалады. Аларга тийиштүү айып пулдар салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0