Астаналыктар кыргыздар менен казактардын курутунун айырмасын айтып берди

Жазылуу
Курут — көчмөн элдин табылгасы. Ал сүзмөдөн жасалып, сактоо үчүн өзгөчө шарттар талап кылынбайт.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Facebook тармагындагы "Астана, хочу похвалить/пожаловаться" тобундагы колдонуучулар Кыргызстандан чыккан курутту мактап жатышат.

Курут — көчмөн элдин табылгасы. Ал сүзмөдөн жасалып, сактоо үчүн өзгөчө шарттар талап кылынбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековFacebook тармагындагы "Астана, хочу похвалить/пожаловаться" тобунан алынган сүрөт
Снимок со страницы Facebook группы Астана, хочу похвалить/пожаловаться - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагындагы "Астана, хочу похвалить/пожаловаться" тобунан алынган сүрөт

Курут тууралуу пикирин Альбина Жанабай аттуу колдонуучу жазып чыккан.

Участники международного фестиваля Fashunity exhibition 2017 в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Араб Эмирлигиндеги эл аралык көргөзмөдө кыргыз павильону биринчи орунга ээ болду
"Кыргыз куруту абдан жакты. Биздин айылдагы куруттардан айырмасы жок экен. Көк жана сары түстөгү таңгакка салынган. Ммм… даамы бир сонун. Өзүбүздүкүн дагы сатып алдым, деги бир татымы жок", — деп жазган Альбина.

Бул постко бир катар колдонуучулар комментарий жазышкан. Алардын бири Гульбахрам Шаяхметова казак өндүрүшчүлөрүнө суроо узатты.

"Кыргыздар азамат! Бардыгын жасап жатышат! Биз деле жасабайлыбы", — деди Шаяхметова.

Асел Мауланова (Assel Maulanova) Кыргызстандан чыккан дагы башка куруттар бар экенин белгилеген.

"Алар дагы даамдуу болчу. Кыргыздардын балмуздагы да сонун", — деп жазды Мауланова.

Кыргыз куруту казак боордошторду кызыктырып, кайсы дүкөндөрдө сатылары тууралуу суроолор арбыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0