Бишкектин бир катар бөлүгү эртең 5 саатка суусуз калат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСезонное отключение воды в Великом Новгороде
Сезонное отключение воды в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкексууканал" муздак суу оңдоо иштеринен улам токтотуларын белгиледи.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин бир катар бөлүктөрүндө муздак суу берүү убактылуу токтотуларын мэриядан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, суу 7-март күнү эртең менен саат 10.00дөн 15.00гө чейин берилбейт.

"Шабдан баатыр, Горький, №99 лицей, "Бишкек-Нан", Транспорт башкармалыгы, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы автобаза, Илим жана бизнес эл аралык университетинде муздак суу берүү убактылуу токтотулат", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкексууканал" муздак суу оңдоо иштеринен улам токтотуларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0