Бишкекте бүгүн жана эртең чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДорожный знак
Дорожный знак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнтөн тарта милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрү 6-7-мартта убактылуу жабыларын Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы билдирди.

Бул күндөрү Бишкекте ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин премьер-министрлеринин жыйыны өтөт.

Коноктордун алды дүйшөмбү күнү саат 17:00дө "Манас" аэропортуна конот. Жолдор саат 15.00дөн тарта жабыла баштайт:

  • "Манас" аэропортунан Жибек Жолуна чейин;
  • Жибек Жолу Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолунан Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Манас проспектиси Чүйдөн Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Абдрахманов көчөсү Жибек Жолунан Hyatt мейманканасына чейин.

Ал эми шейшемби күнү эртең менен саат 9.00дөн тарта жолдордун ар кайсы бөлүктөрү жабыла баштайт.

Белгилей кетсек, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0